Премьер министр Алмаз Атамбаев кол койгон токтомдо белгиленгенге караганда, педагогикалык кадрларды даярдоого быйыл орундар көбөйтүлдү. Бул экономикалык, гуманитардык, юридикалык адистиктерге чегерилген мамлекеттик гранттарды кыскартуу аркылуу ишке ашты. Өкмөттүн мындай кадамга барышына 2007-жылы 3332 педагогикалык кадрдын жетишсиз болгондугу себеп болду.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогору баа алгандарга гранттын эсебинен 50 орун, эки тараптуу макулдашууларга ылайык Тажикстан, Түркия, Россия үчүн 133 орун, чет элде жашаган кыргызстандыктар үчүн 75 орун берилди.
Ошондой эле токтомдо Мамлекеттин эсебинен даярдалган педагогикалык жана медициналык адистер саламаттык сактоо жана билим берүү министрлигинин жолдомосунун негизинде ишке жөнөтүлөрү да белгиленген. Бул тууралуу маалыматты бүгүн өкмөттүн басма соз кызматы таратты. (BuS)