Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки президент телефон аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, Шанхай Кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин күн тартиби тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулуш долбоорун талкуулашты. Ислам Каримовдун айтымында, бул долбоордун ишке ашышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңиз портторуна чыгышына шарт түзөт.(BuS)