Ырасмий түрдө баш калаа 1998-жылы көчүрүлгөн. Астананын негизделген күнү мурда июнь айында белгиленип келсе, былтыр парламент бул датаны 6-июлга – президент Назарбаевдин туулган күнүнө - которгон. Быйылкы салтанаттарда Астананы атүгүл Назарбаевдин атына которуу сунуштары айтылып, президент өзү бу демилгени кескин четке какты.
Өткөн он жыл ичинде Астана болуп көрбөгөндөй өсүп, жаңыланды,мурдагы кунарсыз шаардан анык абад жайга айланды. Шаарды өнүктүрүү жана куруу планы 2012-жылы аяктайт, ага чейин дагы 15 миллион чарчы метр имараттар,турак-жайлар курулат.Ушу тапта үлкөн эки долбоор – “Хан шатыры” менен “Батыгай” сарайы салына баштады. Экөө тең өзүнчө эле бир “чатырлуу шаарга” айланат дешет.
Астананын калкы да алысындап өсүп баратат. Шаар тургундарынын саны азыр 600 миңден ашты, 2030-жылга барып бир миллионго жетет деген болжол бар. Шаардын курулушуна он эки миллиард доллар каражат ажыратылган.
Борбор шаарды Астанага которуп,президент Назарбаев,биринчиден,түндүктөгү орус тилдүү калк арасындагы сепаратисттик маанайды басты. Экинчиден, Астанага жуук аймактарды экономикалык жактан оожалтканга шарт түздү. Башкалаанын чеке-бакасындагы көптөгөн шаар-кыштактар да тең-тайлаш өсүп баратат.
Ошол эле учурда жакында өткөрүлгөн изилдөөдө астаналыктар турак-жай акысынын кымбаттыгына, коомдук транспорттун начар ишине даттанышкан.Бирок жүрүп жактан процесстерге жалпысынын алымсына турганын айтышкан.
Ал эми мурдагы борбордо – Алматыда – бул датаны нааразылык билдирүү менен белгилегенге аракет кылгандар да болду. Жумушчулардын “Тилектештик” уюмунун төрайымы Сакып Жаңабаева шаардын башкы аянтына чыгып,Назарбаевдин саясатын сынга алган өлөңдөрүн окуду. Алардын биринде Астананын негизделген күнүн президент өзүнүн туулган күнүнө которттуруп алганы, улгайып бараткан Назарбаев өзүн “казактардын атасы” кылып жарыялаганы жатканы айтылат.
Жаңабаева минтип аянтка чыгып,президентке ачуу сөз айтмак эмесмин,мени буга Назарбаевдин баары шумдук,баары керемет болуп баратат деген калп сөздөрү аргасыз кылды дейт.