Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

БОРБОРАЗИЯНЫ КӨКНАРДЫН “КӨЧКҮСҮ” БАСЫП БАРАТАТ


Улуттар Уюмунун маңчылыкка жана маңаткезчилигине каршы күрөшүү мекемеси өткөн айдын этегинде жарыялаган докладда эки жагдайга өзгөчө басым жасалат. Биринчиден, Ооганстанда апийим өндүрүшү баштапкы жылдарга караганда кыйла көбөйдү. Экинчиден, бул жерде даярдалган көкнарлардын көп бөлүгү Орто Азия өлкөлөрү аркылуу Россияга, андан ары Европага ташылып жатат. Региондогу өкмөттөр көрүп жаткан чараларга карабастан бул процесс жакынкы жылдарда олуттуу социалдык проблемаларды пайда кылышы ыктымал.

Өткөн айдын этегинде докладдын мазмуну менен коомчулукту тааныштырып жатып, аталган кеңсенин директору Антонио Мария Коста маңзаттарына байланыштуу жалпы дүйнөдөгү кырдаал негизинен көзөмөл алдында турганын айткан эле. Жакынкы мезгилге чейин эле бул процесс башкарылбай калган поездге окшош эле. Соңку кездери жагдай биртке болсо да жөнгө салына баштады. Улуттар Уюмунун мекемеси маңзаттардын өндүрүшүнө,алардын аткезчилигине байланыштуу кыйла так маалыматтарга ээ болду.

Докладда Ооганстанда апийим эгилген аянттар 2005-жылы 100 миң гектардан ашса, былтыркы жылы кыйла кеңейип,165 миң гектарга жеткени айтылат. Мурдагы жылы апийим соодасынан алынган кирешени кеңсенин эксперттери дээрлик 3 миллиард долларга жуук өлчөмдө баалашкан. Былтыр Ооганстанда 6100 тоннадай көкнар өндүрүлгөн, анын болжол менен 1250 тоннадайы ортоазиялык өлкөлөр аркылуу Россияга,андан ары Европага ташылган. Тажик бийликтери быйыл алты айда эле эки тоннадан ашык маңзаттарын кармап,өрттөп жок кылышты. Ал эми Кыргызстанда өткөн жылдын он айында бир жарым тонна көкнар опуздалса, Казакстанда быйыл жыл башынан бери эле эки тоннага чукул маңзаттары кармалган.

Маңзаттарын ташыган аткезчилер үчүн негизги кан жолго айланганы аз келгенсип, Орто Азия өлкөлөрү ар түрдүү кылмыштар, маңчылык, СПИД жана башка ушул өңдүү илдеттер тараган кооптуу аймакка да айланып баратат. ВИЧ илдетине чалдыккандар 2003-жылдан бери 53 миңге көбөйдү.

Ооган тараптан ташылып келген маңзаттары Орто Азиядан Ыраакы Чыгышка, Россиядан Европага чейинки аймактарга жеткирилет. Россиянын өзүндө эле маңзаттарын керектеген кардалдардын саны 6 миллиондон ашат.

Докладда маңзаттарынын аткезчилигине каршы натыйжалуу күрөштү аксатып жаткан факторлордун ичинен финансылык каатчылык аталат. Натыйжада бажы органдары, башка да тийиштүү кызматтар зарыл ресурстарга чукак бойдон калышты.

Улуттар Уюмунун эксперттери региондогу өкмөттөр көрүп жаткан чараларга карабастан маңзаттарынын аткезчилиги жана ага байланышкан кылмыштар,социалдык башка да проблемалар жакынкы аралыкта деле Россия менен Орто Азиянын коопсуздугу үчүн негизги коркунучтун бири бойдон калат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG