Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

12-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Муратбек Кожобеков 1883-жылдын 12-июлунда «Туркестанские ведомости» гезити Пишпек шаарында окумуштуу бакчы Фетисовдун питомниги туурасында жазып чыкты. 1892-жылдын 12-июлунда полковник Ионов бир рота казак-орустар жана 2 замбирек менен Бузул жергесинен чыкты.

«Туркестанские ведомости» гезити 1883-жылдын 12-июлунда Пишпек шаарынын чет жакасында окумуштуу бакчы Фетисовдун эки питомниги орун алгандыгы туурасында жазып чыкты. Гезиттин кабарлоосуна караганда мында жүз миңдеген каражыгач, терек, кайың сыяктуу дарак көчөттөрү өстүрүлгөн. Мындан тышкаары Фетисовдун шаар ичиндеги питомнигинде алма, өрүк жана гүлзар көчөттөрү жетиштирилип жатканы, алар андан ары шаардын көчө бойлоруна отургузулуп атканы жазылат.

Россия империясы менен Кытай ортосундагы бажылык көзөмөл 1888 жана 1889-жж. орнотулган. Бу жылдары Жетисуу областына караштуу Нарын чебинде биринчи бажы посту ачылып, ал Түркстан генерал-губернатордугуна караган. 1890-жылдын 12-июлунда Түркстан генерал-губернатордугунун аймагында эки бажылык округ ачылган: анын бири Томск губерниясынын аймагындагы Семипалатинск округу болсо, экинчиси, Жетисуунун чыгыш бөлүгүндө орун алган.

Полковник Ионов 1892-жылдын 12-июлунда бир рота казак-орустар жана 2 замбирек менен Бузул жергесинен чыгып, таңкы алтыларда Аличур суусунун сол жээгиндеги афган постуна келген. Ушул эле күнү Йашым көлдөгү афган аскерлери менен болгон чакан салгылаштан кийин полковник Ионовдун отряды кыргыз айылдарын бошотушуп Мургабга түшкөн.

Ош уезддик-шаар бейпартиялык конференциясы 1921-жылдын бу күнү өлкөнүн НЭП, т. а. жаңы экономикалык саясат багытында өнүгүүсүн колдоду.

Кыргыз областтык (б) ВКПсы 1932-жылдын бу күнү Фрунзе шаарынын «айрым партиялык жана кеңештик кызматкерлери өзүн-өзү камсыздоо менен алек болуп аткандыгын» кескин сынга алды. Совет ммалекетиндеги ушул жылкы каатчылыкка байланыштуу тамак-аш жетпей калктын жону жукарып, дүкөндөргө продуктылар түшпөй калган. Мындан улам майда атка минерлер жогорку бийлик өкүлдөрүн тейлеген дүкөндөрдүн талонун алуу амалын ойлоп табышкан. Партия чечиминде, өзүн-өзү камсыздоого барган кызматкерлер партия катарынан чыгарылып, ал түгүл сот жазасы колдонула тургандыгы эскертилет.

Кыргызстан жазуучулар союзунун V съезди 1966-жылдын 12-июлунда ишин баштаган. Үч күн уланган жазуучулар курултайына жазуучулар башкармалыгынын төрагасы Т. Абдымомунов жетекчилик жасаган.

Бу күнү, 1943-жылы Прохоровка алдында айтылуу Курск танкалык салгылашы башталып, 1884-жылы сүрөтчү Амадео Модильянн жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG