Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

15:55 Ысыккөл жана Талас облустарындагы мектептерге окуу куралдары жөнөтүлөт


Бул иш-чара “Элет билими” аттуу долбоордун алкагында өткөрүлүүдө. Өткөн жылы октябрда республиканын эки облусунда окуу китептеринин жарманкеси өткөн. Анын натыйжасында бардык мектептердин директор, мугалим жана окуучулары жаңы китептертер менен таанышып чыгып, өз муктаждыктарын аныктай алган эле. Ага ылайык, керектүү китептердин, окуу куралдарынын тизмеси министрликке жөнөтүлгөн. Ысыккөл жана Талас облустарына жөнөтүлө турган окуу куралдарынын жалпы баасы 15 жарым миллион сомдон ашат. Мындан сырткары, аталган эки облустун мектептерине үч жарым миң доллардан жети жарым миң доллар өлчөмүнө чейин гранттык акча бөлүнмөкчү. Билим берүү министрлигинин “Элет билими” долбоору 2005-жылдан бери иштеп келет. Анын максаты мектептердеги окуунун сапатын жогорулатуу жана шарттарды жакшыртуу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG