Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:06

18:25 ШКУ саммитинин коопсуздугуна Кыргызстандын атайын кызматтары кам көрүшөт


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ойталбек Осмоновдун билдирүүсү боюнча негизги басым ыктымалдуу террористтик акциялардын жана башка мыйзамсыз түзүлүштөрдүн алдын алууга коюлат. Анын сөзү боюнча Бишкекте өтүүчү саммитке эл аралык коомчулук гана эмес, эл аралык террористтик уюмдардын да кызыгуусу жогору. Ошондуктан, саммиттин толук коопсуздукта өтүүсүн камсыздоо атайын кызматтардын негизги иши. Бул максат менен УКМК ИИМ жана прокуратура органы менен чогуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо жана эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн өлкөгө киргизбөө, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG