Франция менен Германиянын чектеш жеринен орун алган Клингенталь шаарында өткөн эл аралык жыйынга кыргыз куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышып, Бишкекте жашап жаткан француз талдоочусу, отставкадагы полковник Рене Канье чыгып сүйлөгөн. Рене Канье өз сөзүндө, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биригүүсү бул аймактын ичиндеги жана тышындагы коркунучтардан улам жаралып жатканын айтып, Европа бириге алды, демек бул аймактын да биригүүсү мүмкүндүгүн, ага баардык шарттар жана тарыхый жагдайлар бар экенин кошумчалаган. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче кийинки жылы мындай баарлашуу Кыргызстанда өткөрүлүшү мүмкүн. (EBM)