Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

12:35 16-августта Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине даярдыктар кызуу жүрүүдө


Бул тууралуу ШКУ боюнча улуттук координатор Төлөндү Макеев Азаттыктын "Ыңгайсыз суроолор" теледолбоорунда билдирди. Анын айтымында, 9-июлда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында саммитте каралуучу маселелер талкууланды. Саммитте негизги документ ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы узак мөөнөттөгү кошуначылык, достук жана кызматташтык тууралуу документке кол коюлат. Ошондой эле Бишкек декларациясы кабыл алынат. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө алты мамлекеттин башчыларынан тышкары жыйынга байкоочу катары Монголиянын жана Ирандын президенттери, Пакистан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин келиши күтүлүүдө. Ал эми БУУнун баш катчысы, Түркмөнстандын жана Ооганстандын президенттери саммитке конок катары чакырылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG