Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

18:15 Селден жабыр тарткан Аксы районундагы жарандар өкмөттүк жардамга муктаж


ЖАЛАЛАБАТ. Жазгы суу ташкын маалында райондун Карасуу жана Каражыгач айыл өкмөттөрүндө жети үй керектен чыккан. 200 ашык үй бүлөөнүн үйүн сел каптаган. Жыл ортолоп калса да өкмөттүк насыя алчу үй бүлөөлөрдүн бирине да борбор тараптан ссуда, кредит жагынан же курулуш материалдарынан жардам болбоду. Мындай маалымат депутат Азимбек Бекназаровдун Аксы районундагы жардамчысы Эсенгазы Жаңыбаевден алынды. Анын айтымында, үй жараксыздар чатырлар менен камсыз болушкан. Кыргыз өкмөтүнөн ар бир үй бүлөгө 200 кг буудай берилген. Ал эми облустук бийликтин маалыматына ылайык 1994-жылдан берки жардам алуучулардын тизмесинде облуста 1137 үй бүлө турат. 10 миңден 50 миңге чейинки жардам алуучулардын тизмеси такталып бүтүп, кыргыз өкмөтүнө жиберилген. (YA)

XS
SM
MD
LG