Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

ТҮНДҮК КОРЕЯ ӨЗҮНҮН УРАН БАЙЫТУУЧУ РЕАКТОРУН ТОКТОТТУ


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Кореянын Йоңбен шаарындагы уран байытуучу ишканасы токтотулганы тастыкталды жана өлкөгө чет мамлекеттерден кара май келе баштады. Эксперттердин айтымында, бул жетишкендик узак жана татаал аракеттердин башталышы гана жана маселе боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр дагы улантылат.

АКШ, эки Корея, Жапония, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан алты тараптуу сүйлөшүүнүн үстүбүздөгү жылдын февралында аяктаган акыркы айлампасында Йоңбендеги өзөктүк реактор 60 күндүн ичинде токтотулуш керек деген чечим кабыл алынган. Кубаттуулугу беш магаваттка жеткен бул реактор 1960-жылдарда курулган жана анда аскерий максатта колдонула алган плутоний чыгарылат.

Реакторду токтотуу үчүн дүйнө мамлекеттери Түндүк Кореянын электр станцияларына бир миллион тонна кара май берүүнү убада кылган, анын биринчи бөлүгү - 50 миң тонна - жакын арада берилүүгө тийиш. Февралда жетишилген дагы бирт келишим боюнча, Макао аралындагы "Дельта Азия" деген банкта сакталган Түндүк Кореянын 25 миллион доллар каражаты өлкөгө которулуш керек болчу, бирок ошол ич кечеңдегендиктен, Пхеньян өз реакторун убагында токтоткон эмес.

Түндүк Корея жасалма америкалык доллар басып чыгарып жатат деп Вашингтон анын Макаодогу банк эсептерин мурда жаптырып салган. Көпкө уланган татаал сүйлөшүүдөн кийин ал 25 миллион доллар 25-июнда орусиялык банк аркылуу Түндүк Кореяга которулду, 13-июлда болсо Түндүк Кореяга - алты миң тонна кара май жүктөлгөн биринчи танкер келди.

Анын эртеси Йоңбендеги реактор жабылды жана 14-июлда өлкөгө учуп келген Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин 10 инспектору аны текшерип, жекшемби күнү маалыматты тастыктады. Азыр Таиландда кызмат сапар менен жүргөн Агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи ал тууралуу 16-июлда билдирди: "Ооба, Йоңбендеги реактор жабылды. Аны биз текшерип чыктык. Эми Йоңбендеги башка ишканалар дагы текшерилет жана, мен ойлойм, эртең же бүрсүгүнү калган беш ишкана дагы токтотулганы жөнүндө айта алабыз", - деди Элбарадеи 16-июлда.

Андай ишканалардын катарына - реактордо иштетилген графитти кайра тазалоо заводу менен кошо жаңы курулуп жаткан 50 жана 200 мегаваттык реакторлор кирет. Февралда жетишилген келишим боюнча, эми Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын алкагындагы башка ишканалар дагы текшерилип-токтотулууга тийиш жана ал үчүн өлкө дагы 950 миң тонна кара май ала алат, бирок айрым эксперттердин пикиринде, жаңы маселелер да чыгышы мүмкүн:

"Түндүк Корея менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүдө такай эң оор маселелер кийинкиге калтырылат. Ошондуктан улам жаңы маселелер чыгат, мисал үчүн, түзүлгөн келишимди Түндүк Корея анча-мынча башкача түшүнгөнү аныкталат, андан тышкары алар улам жаңы маселе көтөрүшөт. Мисалга, жакында алар - АКШ менен тикелей сүйлөшүү өткөрүш керек деп, бүткүл дүйнөнү таң калтырды. Бул эмне болушу мүмкүн деп азыр баарыбыздын башыбыз маң", - дейт Британиядагы Лидс университетинин эксперти Айдан Фостер-Картер.

18-июлда Бээжинде алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталууга тийиш. Жалпысынан алганда, Йоңбендеги реактор жөн гана токтотулбастан, иштен да чыгарылыш керек.

XS
SM
MD
LG