Сүйлөшүүлөрдө тараптардын аскерий тармактагы кызматташтыгы, анын ичинде Польшанын аймагында америкалык антиракеталык базаны жайгаштыруу пландары сөз кылынат деп күтүлүүдө. Эсиңиздерге сала кетели, эки күн мурун орус президенти Владимир Путин Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимине катышуудан убактылуу чегинүү жөнүндөгү буйрукка кол койгон.