Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:12

ЖАШООҢ КАНДАЙ ЖАРДЫБЕК ?


"Эгер чындап эле кудай алдында каргышка калбайлы деп моюнга ала турган болсок, биздин өлкө буга чейин далай мамлекетте ката кетирип, ошолор жаңылып-жазган жолду кайталап жатат. Бизде салык тармагы начар, атка минерлер коррупцияга батып бүткөн, кредит деген жөнөкөй адамдар ала албай турган шартта түзүлгөн. Болжол менен кыргызстандыктардын 40 пайызынын тапкан жалыйнасы жашоо тургай күнүмдүк ичкен-жегенине, квартира акысын төлөгөнгө, чоңураак кийимди мындай кой, майда-чүйдө майка-трусий сатып алганга жетпейт, сатып алса да кытайдын арзан товарын сатып алат"- деп жазган «МСН» гезити бийлик менен бизнес адегенде ички рынокту, кичи жана орто ишкерликти колдоо керектигин белгилеген.

«Кыргызстандын атка минерлери коррупция менен күрөштө жеңип чыгышты…бирок кагаз жүзүндө гана»… деп жазган «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин иликтөөсүнө таянып, коррупция дарты менен ооруган мекемелердин ана башынын катарына Финполиция менен республиканын соцфондун мисалга тартты. Алардан кийинки орунду Коргоо министрлиги, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын мамадминстрациялары менен Ош мэриясы ээлеген. Тизме андан ары Ички иштер министрлиги, жергиликтүү мамадминстрациялар, билим министрлиги, бажы комитети, прокуратура органдары, МАИ, бейөкмөттүк уюмдар, саламаттык сактоо министрлиги, юстиция министрлиги болуп уланып кетет. Ушул эле гезит Кыргызстанда тамак-аш азык түлүктөрүнүн баасы космостук ылдамдык менен өскөнүн, бүгүн эттин орточо баасы-165, балык-67, май-115, шекер-28, картошка-12 сом болгонун же 2002-жылга салыштырганда эки эсеге кымбаттаганын маалымдаган.

«Кыргыз туусу» гезити «Айыл ажары» аттуу тиркемесинде Талас шаарынын бир нече маалелери таза суусуз калганын, ошол эле учурда таластык мекеме-ишканалардын сууга болгон карызы 2 жарым миллион сомго жеткенин… ошондой эле Кыргызстанды 2 миллиард доллар карызга батыргандардын тизмесин басма сөз аркылуу калайык-калкка жарыялоо керектигин, эл өз өлкөсүн кимдер ичип-жегенин так билүүсү зарылдыгын кабарлаган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG