Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

14:53 Жалалабат облусунда жыл башынан бери жол кырсыктардан 83 адам каза тапты


Облустун аймагында жыл башынан бери 235 жол кырсыгы катталып, анын айынан
83 адам көз жумуп, 281 киши денелеринен түрдүү деңгээлде жараат алышкан. Жол кырсыгынын көпчүлүгү Ош-Бишкек жолунда болгон. Кырсыктардын көбөйүшүнө өлкөнүн башкы жолунда опурталдуу бурумдардын арбындыгы, автоунаа айдоочулардын катуу ылдамдык менен жүрүп, чарчаганда үргүлөп кеткени, унаасы менен ала салып, же бетмаңдай келаткан автомашиналар менен кагышып кеткени себеп болууда. Жол кокустуктарына көбун эсе "Ауди-100" маркасындагы автоунаалар туш болушат. Мындай маалымат облустук автоинспекция кызматынан алынды. Жүргүнчү ташыган айдоочулардын пикиринде "Ош-Бишкек" жолунда зарыл белгилердин коюлбагандыгы жана эреже менен жакшы тааныш эмес кишилердин айдоочунун күбөлүгүн сатып алып, жолго чыкканы, сынактан бардык айдоочулардын өтпөй жаткандыгы себеп болууда.(YA)

XS
SM
MD
LG