Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

16:00 Баткенде Ооганстандан качып келген атуул кармалды


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан 18-июлда «Азаттыкка» кабарлашты. Маалымдамада өткөн жуманын аягында Кадамжай районуна караштуу Үч коргон айылында 35 жаштагы эч кандай күбөлөндүрүүчү документи жок, кыргыз, тажик, ооган жана англис тилдеринде сүйлөй алган киши кармалган. Ал өзүн тажик улутунда экенин, бирок кичинесинен бери Ооганстанда жашап, ал жактагы абалдын олку-солкулугунун айынан Кыргызстанга качып келгенин айтууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн маалыматында, учурда Тажикстанга жана Ооганстанга кармалган кишинин атуулдугун тактоо үчүн сурамжылоо каттары жөнөтүлгөн. (SA)

XS
SM
MD
LG