Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:15

8:40 Т. Бакир уулу өз билдирүүсү үчүн сотто жооп берүүгө даяр


20-июлда жаш саясатчы Алишер Мамасалиев “Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айрым бейөкмөт уюмдарынын лидерлерин тыңчы деп айыпташы жалган жалаа жана чагым. Мен өзүмдүн ар-намысымды коргоп, Турсунбай Бакир уулун сотко берем”,-деп билдирген эле. Бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Акыйкатчы “Алишер Мамасалиев сотко бере берсин, жаш баладан корко турган деңгээлдеги саясатчы эмесмин” деп билдирди. Анын айтымында, “Кел-кел” жаштар кыймылынын мурдагы лидери Алишер Мамасалиев Өзбекстандан кайтып келгенден кийин Акыйкатчыны алмаштыруу тууралуу маселе көтөрүп чыкты. “Менин бекем көз караштарым үчүн Өзбекстанда мени көп жактырбайт. Бейөкмөт уюмдардын лидерлери чет өлкөлүк атайын кызматтардын жарчысы болбошу керек”,-дейт Акыйкатчы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG