Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

12:00 АКШда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү долбоору талкууланды


Талкуу 17-18-июлда Вашингтон шаарында өткөн ТИФА (Trade and investment Framework Agreement)-Борбор Азия Кеңешинин үчүнчү жолугушуусунда болду. Жыйынга тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин мүдүрү Ж. Кулубаев баштаган кыргыз делегациясы катышып, алар АКШынын соода палатасынын, департаментинин жана Борбор Азия чөлкөмүндө иш жүргүзүүнү каалаган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда аймактагы сооданы өнүктүрүү, бажы жараяндарын либералдаштыруу, транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны кеңейтүү жана энергетиканы өнүктүрүп Борбор Азиядан Түштүк Азияга экспорттоо сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле бул иш-чаранын жүрүшүндө Ж. Хопкинс атындагы университеттин Борбор Азия жана Кавказ институтунда “Жаңы Жибек жолу” аттуу китептин бет ачаары болду. Америкалык жана Орто Азия талдоочулары тарабынан жазылган бул китептин бет ачаарында Кыргызстандын КМШ, ШКУ жана ЕврАзЕБтин алкагында ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG