Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Ливияда түрмөдөн бошотулган медиктер Болгарияга кайтып келишти


Болгариянын президенти Гергий Парванов 400дөн ашуун балага ВИЧ-инфекция жуктурган деп айыпталган Болгариялык 5 медсестра жана палестиналык догдурдун айыбын кечти.Ливия соту тарабынан өлүм жазасына буйрулуп, 8 жыл абакта отурган соң, өткөн жумада медиктердин өлүм жазасы өмүрүнүн аягына дейре түрмөгө отуруу жазасы менен алмашылган. Эми Ливия бийлиги Евробиримдиктин ортомчулугу менен медиктерге үйүнө кайтууга уруксат берип, алар бүгүн Софияга учуп келишти.

XS
SM
MD
LG