ШКУнун координатору Төлөндү Макеевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда саммитке байкоочу катары келүүчү президент Ахмадинежаддан башка Монголиянын мамлекет башчысы, Пакистан, Индиянын тышкы иштер министрлери да байкоочу катары келиши күтүлүүдө. Учурда ШКУнун жыйынына жогорку деңгээлде даярдыктар көрүлүп, ага байланыштуу курулуштар соңуна чыгып калды, дейт Макеев.(AJ)