Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

АКШда ПРЕЗИДЕНТИККЕ ТАЛАПКЕР ДЕМОКРАТТАР ТЕЛЕДЕБАТКА ЧЫГЫШТЫ


Айнура Асанкожоева, Прага Америкада демократтардын президенттикке талапкерлери алгачкы теледебатка чыгышты. Алар элдин YouTube Интернет барагы аркылуу жиберилген суроолоруна жооп беришти. Шайлоочуларды Жердин глобалдуу ысышынан баштап Ирактагы согушка чейинки маселелер кызыктырды.

CNN каналы жарыялаган сунушка 3 миндей киши жооп берип, видеотасмага жазылган суроолорун YouTube Интернет баракчасы аркылуу жиберишкен. Бирок алардын арасынан 25 тасма гана тандалды.

Демократтар партиясынын атынан президенттикке ат салышабыз деп жаткан 8 талапкер медициналык тейлөө, Иракта кызмат өтөп жаткан жакындарынын тагдыры, салыктар, билим берүүдөгү кемчиликтер өңдүү ар кыл суроолорго жооп беришти.

Мындай суроо-жооп форматындагы дебаттар алгачкы жолу өткөрүлдү. Бир киши сенатор Хиллари Клинтондон мусулман өлкөлөрүндөгү лидерлер менен жолугушканда кыйынчылыктарга туш болбойсузбу деген суроосун жолдоптур.

-Араб мамлекеттеринде, мусулман өлкөлөрүндө аялдар экинчи сорттогу адамдар болуп эсептелет. АКШнын президенти болуп калсаныз, ошол мамлекеттерде ар кандай сүйлөшүүлөрдө сизди теңине алышпайт деп чочулабайсызбы?.

Буга Клинтон ал 8 жыл бою АКШнын биринчи айымы болуп турганын эске салып, буларды айтты:

-Мен Ирак, Ооганстан, Кувейт, Пакистан жана башка өлкөлөрдө көптөгөн президент, өкмөт башчылар менен жолуккам. Мени теңине алышпайт деген ой да жаралбайт болушу керек.

Дагы бир аял болсо рак менен ооруп атканын айтып, кандидаттар “медициналык кызматты бардык элдин чамасы жеткидей кылуу үчүн кандай чара көрүшөт” деген суроо узатты.

Суроолордун ири бөлүгү Ирак согушу тууралуу болду. Ветерандардын бири Ирак жана Ооганстандагы америкалык аскерлер качан чыгарылат деп түз эле сурады.

Дагы бирөө болсо Ирактагы уруш тезирээк аяктасын деген үмүт менен күзгү шайлоодо демократтарга добуш бергенин айтып берди.

Өлкө аял талапкерди мамлекет башчылыкка шайлоого даярбы деген суроого Клинтон мындай деди:

-Менин аял талапкер болуп ат салышуудан башка аргам жок. Бирок талапкерлигимди аял болгонум үчүн койгон жокмун. Мен өзүмдү 2009-жылдын январынан тартып иштей турган эң тажрыйбалуу жана мыкты адам деп эсептейм.

Аялдар укуктары маселесине келгенде мурдагы сенатор Жон Эдвардс өзүн эң мыкты талапкер катары сыпаттады:

-Сенатор Клинтон аялдардын атынан көп жылдардан бери сүйлөп жүрөт. Бирок адамдардын турмушуна тиешелүү маселелерде менде эң жакшы идеялар бар.

Дебаттар учурунда мүмкүнчүлүктөрү жогору бааланган талапкерлер сенатор Барак Обама менен Клинтон катуу айтыша кетишти.

“Сиз АКШ террорчул мамлекеттер деп эсептеген Сирия, Венесуэла, Куба жана Түндүк Кореянын лидерлери менен президенттикке шайланган алгачкы жылы жолугушасызбы?” деген суроого Обама: “Ооба, мен Буш администрациясынын бул маселедеги позициясына макул эмесин” деп жооп берди.

Клинтон болсо аны сындап, өзүн үгүт үчүн пайдаланууга жол бербей турганын айтты.

Республикачыл талапкерлер ушундай эле дебатты 17-сентябрда өткөрүүнү пландаштырышууда.

 

XS
SM
MD
LG