Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди. Анын айтымында эгерде АКШ расмий түрдө кайрылса, Тегеран Ирактагы коопсуздук маселеси боюнча тышкы иштер министринин орун басары деңгээлинде жолугушууга даяр. 24-июлда Багдадда Тегерандык элчи менен жолугушуудан кийин АКШнын элчиси Райан Крокер Иранды Ирактагы согушкерлерге колдоо көрсөтүүдө деп айыптаган.