Манас районуна караштуу аталган айыл өкмөтүндө он беш гектарга жакын жер чегирткеден жапа чеккени айтылууда. Учурда атайын комиссия түзүлүп, айдоо жерлери текшерүүгө алынды. Бүгүн облустук администрацияда ушул маселе боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” администрациянын агрардык бөлүмүнүн кызматкерлери кабарлады. (ZMa)