Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

8:40 Бүгүн өкмөт үйүндө Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалына байланышкан маселелер талкууланат


Жыйында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кинофестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттин сунуштары угулат. Бул фестиваль жыл сайын Ысыккөлдүн жээгинде өткөрүлүп турат деп болжолдонууда. Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалы “Боз салкын” тасмасы менен ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” тасманын режиссеру Эрнст Абдыжапаров билдирди. Анын айтымында, бул фестиваль Кыргызстандын кино тармагы үчүн абдан маанилүү окуя. “Калктын калың катмары чет өлкөнүн коммерциялык тасмаларын гана көрүп келет. Бул фестивалда болсо, чыныгы тасмалар көрсөтүлөт. Мындан сырткары фестивалга белгилүү режиссерлор, киносынчылар, актерлор келет. Бул албетте биз үчүн чоң таасирин тийгизет”,-деп кошумчалады Эрнст Абдыжапаров. (ZMa)

XS
SM
MD
LG