Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

ТҮШТҮК ЕВРОПА: ЖҮЗДӨГӨН КИШИЛЕР ЫСЫКТЫ КӨТӨРӨ АЛБАЙ КӨЗ ЖУМУУДА


Ушул аптада Чыгыш жана түштүк Европада катуу ысыктан Румынияда аз дегенде 30 киши, Италияда төртөө кайтыш болду. Венгрияда 500 чакты адам кайнаган күнгө чыдай албай жан берди. Венгрияда жана Македонияда токойлор өрттөнүп, Румыниянын баш калаасы Бухарестте жана Албаниянын бардык аймактарында электр жарыгы өчүп калды. Анын аралыгында, Британиянын бир канча жерлерин суу каптады. Мындагы суунун деңгээли акыркы 60 жылдагы эң жогорку чекке жетти.

24-июлдагы рекорддук ысыктан Румынияда аз дегенде 12 киши каза тапты. Румыниянын саламаттык министри Еуген Николаеску дүйшөмбүдө да 12 кишинин өмүрү кыйылганын билдирген. 40 градустан ашкан ысыктан жүздөгөн адамдар, айрыкча жашы улуулар көчөдө баратканда эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилди. Шейшембиде Румыниянын түшүгүндө ысык рекорддук чекке жетти. Ал эми Болгария менен чек арадагы Калафат шаарында градусниктер 44 градусту көрсөттү.

Ысыкта аба муздаткычтар катуу иштегендиктен, электр кубаты жетпей, Бухарестте эки электр бекети иштен чыкты. Бухаресттин тургуну Азаттыкка буларды айтты:

Бүгүн салкындап калды, бирок кечээ күн айрыкча ысык болду. Сыртта күндүн ысыктыгы 40 градуска жетти. Кечки сегизден түнкү үчкө чейин электр жарыгы болгон жок, ошондуктан вентилятор, аба муздаткычтарды иштете алган жокпуз.

Ысык менен катар, кургакчылык Румыниянын айыл-чарбасына коркунуч келтирүүдө. Беш жылдык орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу, буудай быйыл 20 пайызга аз жыйналууда. Жүгөрү, күн караманын түшүмү да бештен бирине төмөндөгөн.

Македонияда ысык 42 градуска жетип, жалпы улуттук чукул абал жарыяланды. Бул өлкөнүн экинчи ири шаары Битолада үй өрттөнгөндө, бир киши өлүп, жыйырмасы куткарылды. Тилсиз жоого каршы миңдеген өрт өчүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар менен катар, армия да тартылды.

Венгрияда бийликтер он бешинен жыйырма экисине чейинки күндөрү ысыкка чыдабай, 500 чакты оорулуу жана кары адам жарык дүйнө менен кош айтышканын кабарлады. Ысыктын айынан Будапешттин айланасындагы токой өрттөнүүдө.

Шаарда акыркы 10 жылда мындай улуу өрт болгон эмес, дейт Будапешттик бул өрт өчүрүүчү Антал Эрдос.

Сербияда улуу өрт ондогон гектар токойду жалмап койду. Шейшембиде Македониядан келүүчү электр линиялары иштен чыгып, Албанияда бүт бойдон жарык өчүп калды.

Италияда ысык шаршембиде 40 градуска жетип, ондогон жерде токойлор өрттөнүп жатты. Бул күнү 100дөгөн гектар токойдон додологон күл гана калды, кырсык төрт кишинин өмүрүн алды.

Грецияда ысык 44 градусту чапчыды. Куткаруучулар чукул даярдыкка келтирилген өлкөнүн баш калаасында аптап шаршембиде 45 градуска жетти. Нымдуулук жогору болуп, анын үстүнө аба булганыч экендиги кырдаалды айрыкча оорлотууда. Аба муздаткычтар тынбай иштеп жаткандыктан, электр кубаты болуп көрбөгөндөй тартыш болуп жатат.

Метеорологдор бейшембиден тартып, күн салкындай тургандыгын болжошууда. Анын аралыгында Европанын түндүк-батышында - Британияда бир кыйла жерлер суу алдында калды. Өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактарында суу 60 жылдан берки эң жогорку деңгээлге жетти. Университеттик Оксфор шаарында Темза өзөнү ташкындап, шейшембиден шаршембиге караган түнү 2 миңдей киши эвакуацияланды. Темза түнү менен көтөрүлүп, Ридин, Хенли жана Уинздор шаарларында жогорку чегине жетип калды.

Британиянын түштүк-батышындагы ГлоуСестершир шаарында апта башындагы суу каптоодон улам, 350 миң киши таза суусуз калды. Северн суусу көтөрүлгөндө Тюксбери шаарын каптап, башка аймактар менен байланыш үзүлдү. Таза суусуз калган тургундарга аскерлер шишеге куюлган суу ташып жатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG