Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Түштүк Кореянын элчиси "талибдер жооп берүүгө тийиш" деп билдирди


Ооганстанда талибдер 23 түштүк кореялык жаранды барымтага алып, бирөөнүн октон калбыр болгон денеси табылган эле. Түштүк Корея президентинин коопсуздук кеңешчиси Баек Йоң-Чун калган 22 туткунду бошотуу аракетинде Ооганстанга жол тартты. Жолго чыгаардын алдында ал түштүк кореялык жарандардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик талибдердин мойнунда экендигин эскертти. Анын аралыгында, Кошмо Штаттары баштаган коалиция күчтөрү жана ооган аскерлери менен кагылышта Ооганстандын түштүгүндө талибдер деп шектелген 50 киши өлтүрүлгөнүн АКШнын армиясы кабарлады. 12 сааттык салгылаш бүгүн эртең менен токтоду.

XS
SM
MD
LG