Бул тууралуу Аманда Иорданиянын Ички иштер министрлигинин баш катчысы Мухеймар Абу-Жамус билдирди. Анын айтышынча, Ирактык 750 миң качкын үчүн Иордания жылына бир миллиард доллар коротот. БУУнун маалыматына ылайык, айына болжол менен элүү миң качкын Ирактан Иорданияга жана Сирияга барат.