Адистердин айтымында, Ислам Каримов Борбор Азиядагы президенттердин ичинен өзгөчө катаал авторитардык мамлекет башчы катары белгилүү жана бийликти колунан чыгарбоо үчүн анын ар кыл айла-амалы бар.
Каримов 2002-жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Мындайча айтканда, президенттик бийлик ыйгарымы мурдагыдан башка мүнөздө болуп калды. Дал ушул жүйөгө таянып, Ислам Каримов жети жылдык президенттик бийликке алгачкы жолу шайланган адам катары өзүн экинчи жети жылдык мөөнөткө да шайланууга акылуу деп эсептеши мүмкүн. Демек, быйыл декабр айынын этегинде ал президенттик шайлоого өз талапкердигин койо алат. Албетте, мамлекеттик машина жалгыз Каримовдун жеңиши үчүн гана иштээри, ал өзү дайындаган Борбордук Шайлоо Комиссиясы анын жеңишин тастыктоо үчүн бар аргасын жасай турганы бештен белгилүү деңизчи. Бирок, баш мыйзамдын алкагынан чыкпоо үчүн, Каримов баары бир президенттик шайлоону декабрдын аягына чейин өткөрүшү керек.
Адистердин айтымында, Каримов коңшу Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге окшоп, баш мыйзамды өзгөртө алышы мүмкүн, ал өзгөртүүгө ылайык туңгуч президенттин бул кызматка кайра шайланышына чек койбой турган эреже киргизилиши деле ыктымал. Же, бир кезде Түркмөнбашыны пайгамбарга теңеген Түркмөнстан Кеңеши сыяктуу эле, Өзбек мажлиси деле президентик шайлоодон баш тартып, “журтбашы” атыккан Каримов мырза үчүн өмүр бою президенттикке жол ачышы ажеп эместей.
Биз Борбордук Азия боюнча адис, ушул тапта Маскөөдө жашаган Санобар Шерматова менен телефон аркылуу баарлаштык. Анын оюнча, Өзбекстанда президенттик шайлоо жыл аягына чейин өткөрүлүүсү күтүлөт жана ага Ислам Каримов өз талапкердигин койот:
- Шайлоо жылдын аягында өтүүгө тийиш. Ал эми эмне үчүн азыркыга чейин шайлоо өнөктүгү боюнча расмий үгүттүн жыты жок деген суроого келсек, бул деле шайлоо жөнүндөгү мыйзамга толугу менен ылайык келет. Шайлоого үч ай калган кезде, сентябр айында биз шайлоо өнөктүгү башталды деген расмий жарыяны угат болушубуз керек.
Деги, эмнеге Ислам Каримов мырза 18 жылдан бери ээлеген кызматын башка өзбек атуулуна бошотуп бербөөгө тийиш?
Бул суроого Санобар айымдын жообу төмөнкүчө болду:
- Өзбекстанда бийликтен ыктыярдуу баш тарткан өнөкөт жок. Бийликтен кетүү – бул төбөл кишинин макамынын төмөндөшүнө барабар эмеспи. Деги, Назарбаевди же Ислам Каримовду чоң бир мекеменин башчысы катары, бирок буга чейин алар жетектеген кызматтан төмөнкү тепкичтеги кеңсенин башчысы катары элестетип көрсөңүз? Бул – таптакыр акылга сыйгыс нерсе!
Айтмакчы, Ислам Каримовдун президенттик мөөнөтү быйыл январда эле аяктаган деп оппозиция көтөргөн чууга дүйнөдөгү эч бир өлкө кабагым-кашым дебеди. Бул – алар үчүн Өзбекстанда иши кылып эле туруктуулукту кармап турган киши ыңгайлуу экенин айгинелеп койду, дейт Шерматова.
Көпчүлүк адистердин пикирине караганда, президент Каримов өз бийлигин сактап калуу үчүн бар арга-амалды жасоого даяр. Бозгунда жүргөн өзбек оппозициячыл лидери Мухаммад Салихтин оюнча, Ислам Каримов өз бийлигин мураскоруна калтыруу оюнан да жаа бою качкан киши:
- Каримов өз ыктыяры менен бийликтен кетпейт, анткени ал кетээр замат эле олуттуу түйшүккө кабылаарын билет. Өзбөк эли ал 18 жылдын ичинде кылган кыянаттыгы үчүн аны жазалашы мүмкүн. Ошон үчүн бул жаатта аны менен сүйлөшүү жүргүзүүгө эч кандай мүмкүн эмес.
Адистердин айтымында, демократиялык өлкөлөрдө президенттик шайлоого жигердүү катышуу аркылуу коомчулук өзүнө жакпаган кишиге каршы добуш бере алат, ал эми Өзбекстандын азыркы турумунда коомчулук өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүнө жандуу катышуусу тууралуу элестетүү кыйын. Коңшу Кыргызстанда 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу бурмалоолор элдик ыңкылапка себепчи болгон, бирок ал үчүн кыргыз коомунун өзү бир кыйла даяр эле.
Ал эми Каримовдун режими болсо коопсуздук кызматтарын эпсиз чыңдап, кайчы пикирдеги кишилерди айоосуз жазалап, бейөкмөт уюмдарга жол бербей, басма сөз каражаттарын моюнтуруктап келди. Мындай кырдаалда өзбектердин көпчүлүгүнүн жүрөгү үшүп, аргасы куруган маанайга кабылды, дешет серепчилер.