Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай бүгүнкү күндө Ош облусунда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 270 киши катталган. Ал эми СПИД оорусунан каза болгондордун саны 50дөн ашты. СПИД илдетине чалдыккандардын 80% 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар, 10% аялдар. Маалыматта айтылгандай ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар адатта жаза өтөөчү жайларды текшерүүдө, наркодиспансерлерде, кургак учук ооруканасында ооруларды иликтөөдө жана атайын анонимдик ишеним түйүндөрүндө аныкталат. Ушундан улам СИПД илдетине чалдыккандардын чыныгы саны расмий көрсөткүчтөн беш-он эсе көп болуусу мүмкүн деген божомолдор бар.