Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

11:05 Чет жактагы кыргызстандык мигранттарынын абалын талкуулаган жыйын аяктады


Кыргыз диаспораларынын VI эл аралык жыйынында АКШ, Түркия, Казакстан жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү чет жакта жашаган кыргызстандык мигранттардын абалын, алардын укуктарын жана мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү, экономикалык жеңилдиктерди берүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Ал эми кош жарандуулук маселеси- жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.
Расмый маалыматтар боюнча, өткөн жылы Орусияда жана Казакстанда эмгектенген мигранттар Кыргызстанга 862млн. доллар өлчөмүндөгү каражатты которушкан. Бул катталган каражаттын гана өлчөмү. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси В. Власовдун айтымында, бейрасмый маалыматтарга таянсак, эмгек мигранттары тарабынан которулуп жаткан каражаттын өлчөмү 1,5 млрд. чейин жетет. Анткени бардык каражаттар Кыргызстанга банктар аркылуу эмес, туугандары, тааныштары аркылуу жиберилип жатат, деди В.Власов. (MSu)

XS
SM
MD
LG