Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

13:35 Милиция кызматкерлеринин колунан каза болгон А. Сакеевдин ишин кароону сот эртең улантат


Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Азиза Абдырасулова жана уюмдун юристи Жаныбек Сопиев сот отурумуна коомдук өкүл катары катышууда.
Акылбек Сакеев 2002-жылы ноябрь айында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кармоочу жайына жеткирилип, милиция кызмактерлеринин колунан таяк жегени айтылып жүрөт. А. Сакеев башынан катуу жаракат алып, ооруканадан эсине келбей көз жумган. Бул иш боюнча милициянын эки кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши “кыйноо”, “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген беренелер боюнча козголгон. Бул ишти Нарын шаардык соту 19-июлда карап баштаган.(MSu)

XS
SM
MD
LG