Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

БАЛДАРГА АЙЫКПАС ДАРТТЫ ДАРЫГЕРЛЕР ЖУГУЗГАНБЫ?


Ош областынын Ноокат районунда балдарга ВИЧ-СПИД илдети дарыгерлердин айынан жуккан деп кыргыз маалымат каражаттары жазып чыккан маалымат ырасталып жаткандыгына байланыштуу бүгүн президент администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов Башкы прокуратурага кат жолдоду. Анда бул окуянын күнөөкөрлөрүн аныктап, аларды мыйзам чегинде жоопко тартуу сунушу айтылат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине да иштин чоо-жайын кылдат иликтеп, дарыгерлердин шалаакы мамилесине мындан ары жол бербөө үчүн чараларды көрүү табышталды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG