Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

13:00 Кыргызстанда “Киностан” аттуу автордук тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт


Кинофестивалдын деректири Тынай Ибрагимовдун маалымдашынча 24-августтан 2-сентябрга чейин болчу фестивалга Орусия, Франция, Швейцария, Түштүк Корея, АКШ, Швеция, Италия, Голландия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан белгилүү кино ишмерлер чакырылды. Бул иш-чаранын алкагында кыргыз тасмалары менен бирге орус кино күндөрү өтөт, өзбек фильмдери жана африкалык режиссер Абдеррахман Сиссаконун “Бамако” тасмасы көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын айтымында фестивалда кыргыз киноматографисттерине чет өлкөлүк кесиптештери менен алака байланыш түзүүгө, Европадан өнөктөштөрүн табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана "Киностанды" мезгил-мезгил менен өткөрүп туруу, кийинкилеринде сынактык программаларды кошуу болжолдонууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG