Мыйзамга ылайык референдум өткөрүү үчүн 300 миңден кем эмес кол топтоо керек. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун Орусия менен биригүү боюнча демилгечи тобу ошол кол топтоо иш-чарасынын башталбай жатканын, аларды мамлекет каттоодон өткөрбөй жатканына байланыштырууда. Демилгечи топтун жетекчиси Виталий Искаковдун айтымында, аларды бийлик атайылап каттоодон өткөрбөй, бир органдан башка органга түртө салып, убакытты созуп келатат:
- Мына биз 45 күндөн бери кол топтоо үчүн уруксат берилген күбөлүктү качан колубузга беришет деп күтүп келатабыз. Бул аралыкта биз бийлик органдарынан эч кандай жыйынтык ала алган жокпуз. Бизди аркандай себептер менен бир органдан башка органга футболдой тэпкилеп жатышат.
«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун түштүк региону боюнча жетекчиси Бөдөш Мамырованын айтымында, учурда Орусия менен биригүү үчүн кол топтоо иш-чарасына уруксат берилбей жатканы, көптөгөн элдерди кыжырлантып жатат. Эгер ШКУ саммитинен кийин абал өзгөрбөсө, элдер митинг-пикеттерге чыгууга даяр дейт ал:
- Элдерден ар кандай ойлор түшүп жатат. Эгерде кол топтогонго бийлик макулдук бербесе, анда эл өз оюн аргасыздан митинг-пикет өткөрүү аркылуу билдиребиз дейт. Бирок буга азыр Ф.Кулов макул болбой жатат. Анткени бизде Кыргызстан үчүн эң маанилүү болгон ШКУнун саммити болот. Бирок бизге уруксат бербей, кол топтоого дагы деле бут тосуулар боло берсе, элдердин ойлорунун эске алып, ШКУ саммитинен кийин митинг-пикеттер менен өз ойлорубузду айтууга аргасыз болобуз.
«Ар намыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев, эмне үчүн Кыргызстан Орусия менен биригүүсү керектигин мындайча түшүндүрдү:
- Менин оюмча Кыргызстан Орусияга кошулушу керек. Кыргызстан өзү азыр башында турган маселелерди чече албайт. Чечсе деле көп убакыт керек. Биринчи биз өзүбүздүн тышкы карыздары жоюшубуз керек. Ал өтө чоң жүк болуп жатат бизге. Бардык өлкөлөр кайсы бир мезгилде баарыбир биригишет.
Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, тиешелүү органдар Бириккен фронттун демилгечи тобун убагында каттоодон өткөрүп койсо болмок. Бирок анын айтымында, бул - негизинен начар идея:
- Демилгечи топтун катталбай жатканы туура эмес. Анткени мыйзамдын негизинде убагында катташы керек болчу. Бийликтин мындай кылганы туура эмес. Ал эми алардын Орусия менен биригебиз дегени начар идея.
Эркиндик партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин ырасташынча, азыркы тапта Кыргызстан кайсы бир мамлекетке биригүүгө муктаж эмес:
- Мен башынан эле каршы чыккам. Себеби Орусия менен Кыргызстан эки кеңешке киришет. ШКУ жана КМШ. Биз өткөн кылымдын он сегизинчи жылынан токсон биринчи жылына чейин биригип турбадыкпы. Ошол эле Ф.Куловдор кыргыз болбой эле киргиз болуп калган да. Ошондуктан эки өлкөнүн азыркы эки бирикмеси эле жетет.