Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

ИНГУШЕТИЯДАГЫ АСКЕРИЙ АРАКЕТТЕРДИН МАКСАТЫ КАНДАЙ?


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Орусиянын курамындагы Ингуш жумуриятында куралдуу кагылышуулар көбөйдү. Айрым эксперттердин айтымында, ага - кошуна Чеченстан менен байланышкан согушкерлер жооптуу, башкалардын пикиринде болсо, жумурият президентине каршы атайын даярдалган аракеттер көрүлүүдө.

16-июлда Ингуш жумуриятынын Сунжа аймагында Людмила Терехина деген мугалим аял эки баласы менен кошо өлтүрүлүп кеткен. Үч күндөн кийин алардын тажыясы өткөрүлүп жатканда, мүрзөдө бомба жарылып, ондон ашык адам жараат алды. 21-июлда президенттин кеңешчиси имам Ваха Ведзижев өлтүрүлдү, ошол эле күнү президент Мурат Зязиковдун машинесине да ок атылды деп айтылууда.

23-июлда Ачалуки деген айылда милиция машинесине ок атылып, бир адам өлдү, анын эртеси борбор калаа Назран шаарында бир аскерий машинеге кол салынды, ал эми 25-июлда шаардын борборундагы банктын имаратына каршы дагы ок атылды. 27-июлда болсо президенттин кеңсесине жана Магас шаарындагы коопсуздук кызматынын имаратына гранаталар атылды, бир адам набыт кетти.

Ички иштер министринин жардамчысы Александр Юдиндин айтымында, акыркы мезгилде согушкерлерге каршы аракеттер күчөдү, ошондуктан алар өч алгысы келип жатат:

- Ингушетиядагы абал азыр оор жана татаал. Орусиянын ички иштер министрлигинин атайын тобу менен милиция азыр кылмышкерлер топторун таап, аларды жок кылуу чараларын күчөттү жана милицияга каршы көрүлгөн аракеттер ошого жооп катары жасалып жаткан болушу мүмкүн.

Анткен менен айрым эксперттердин пикиринде, президент Зязиковдун азыр ингуш эли арасындагы жана өзгөчө жетекчилик чөйрөсүндөгү кадыр-баркы өтө төмөн жана орун алган акыркы окуялар - анын жумуриятты башкарууга жөндөмү жок экенин көрсөтүүгө багытталган болушу ыктымал.

Коопсуздук кызматынын мурдагы генералы Зазиков президент болуп 2002-жылдын апрелинде шайланган. Туура эки жылдан кийин, 2004-жылдын апрелинде анын машинесин миналанган башка машине келип сүзгөн жана президент кокусунан гана тирүү калган. Ошол эле жылдын июнунда Назран шаарына белгисиз куралчан адамдар кол салгандан жүзгө жакын адам өлгөн, алардын көпчүлүгү милиция болчу.

2006-жылы президенттин күйө баласы Магомед Чахкиев барымтага алынып кеткен жана ал бир нече айга уланган аракеттерден кийин гана бошотулган. Үстүбүздөгү жылдын мартында болсо президенттин агаларынын бири, 79 жаштагы Урусхан Зязиков барымтага алынды жана эмгиче табыла элек.

Зязиковго чейин президент болгон Руслан Аушев Маскөөнүн айтканынын баарына баш ийбестен, айрым учурларда өз алдынча аракеттенип келген. Мисал үчүн, кошуна Чеченстанга каршы чабуул жасаш үчүн федералдык аскерлердин ингуш аймагында жайгаштырылышына ал уруксат берген эмес. Натыйжада Аушев - президенттик мөөнөтү аяктай электе кызматынан эрте кетүүгө аргасыз болд

Анын ордун баскан Зязиков болсо дароо орус аскерлерин өз жумуриятына чакырды жана өлкөдөн бир кезде качууга аргасыз болгон орустардын кайтып келишине шарт түздү.

Июлда мурдагы ички иштер министри Беслан Хамхоевке каршы кылмыш иши ачылды, ал коррупциядан күнөөлөнүүдө, бирок айрым маалымат каражаттары 22-июлда билдиргенге караганда, Хамхоев - президенттин тууганы Русланбек Зязиков аркылуу президентин өзүнө ай сайын отуздан алтымыш миң долларга чейин пара берип жүргөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG