АКШга кечээ келген Ооганстандын президенти жергиликтүү сыналгыга Аль-Каиданын жол башчысы Осама бин Ладенди туткунга алуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдай эле бүдөмүк экендигин билдирди. Кабарларга караганда, Карзай Буш менен талибдерге каршы эл аралык согуштук операцияларда карапайым оогандардын арасында курмандыктардын көбөйүшүн талкууламакчы.