Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

12:30 Казакстандагы парламенттик шайлоо кыргыз эмгек мигранттарына өз кедергисин тийгизиши мүмкүн


Бул тууралу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кечээки президенттин кабыл алуусунда билдирди. Анын айтымында шайлоого карата коншу өлкөдө паспорттук текшерүү жүрүп, укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул Казакстанда эмгек мигранты катары жүргөн миңдеген кыргызстандыктарды кармоо менен коштолушу мүмкүн. Алар атайы убактылуу кармоочу жайда камалып, кийинчерээк депортацияга дуушар болушу ыктымал. Жолугушуу маалында президент Курманбек Бакиев бул маселе боюнча казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшөөрүн билдирген. Маалымат Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан алынды. (ElenK)

XS
SM
MD
LG