НАРЫН. Бүгүн 7-августта Нарын облусунун губернатору Ажыбек Касымалиев иш кеңсесинде Борбор Азия университетинин башкы директору Богдан Кравченко жетектеген өкүлдөрдү кабыл алды. Жолугушуу маалында губернатор Ажыбек Касымалиев, Борбор Азия университетинин курулушу боюнча жергиликтүү бийликте эки тараптуу келишимдин жоктугун белгиледи. Мындай жүйөгө БАУнун башкы директору Богдан Кравченко макул болгон жок. Натыйжада тараптардын сүйлөшүүлөрү БАУнун үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде улантылып, ал жерде Нарын шаарында курулуучу студенттик кампустун архитектуралык жана топографиялык макет чиймелери тааныштырылды. Болочоктогу кампус 120 миң чарчы метр аянтка курулуп, келечекте 1200 студент билим алышары жана курулуштун биринчи фазасы 2010-жылы аяктаары тууралуу маалыматтар берилди. Борбор Азия университети үчүн жалпысы 89 гектар аянт жер бөлүнгөндүгү да айтылды. (KUs)