Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

10-АВГУСТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1853-жылдын 10-августу менен катталган Ормон хан менен Үмөтаалынын каты орус приставы Перемышльскийге жолдонгон. 1916-жылдын 10-августтунда орус аскерлери 100 чамалуу козголоңчуларды кырып, көптөгөн адамдарды камакка алышкан.

Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын 1853-жылдын 10-августу менен катталган каты орус приставы Перемышльскийге жолдонгон. Катта орус бийлиги Ормон ханды чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билидрилет. Ал орустардын чакырыгын кабыл албагандыгын, Пишпектеги Кокон хандыгынын өкүлчүлүгүнөн орустарга каршы согушуу туурасында кабар келгендигине байланыштуу экендигин түшүндүргөн. «Эгер, мен же менин уулум Сизди көздөй кетсек, анда Ормондун оруска кирип кеткенин угушат да, дароо кол салып, элди бүлдүрүп чаап алышат, мына ушундан чочудук»,- деп жазат Ормон хан.

Бедел ашуусундагы кыргыз-кытай чекарасын тактоого жиберилген поручик-картограф Ледомской 1911-жылы, мындагы чегара абалы менен Кытайда жашаган жергиликтүү кыргыздардын жайгашыш маселесин аныктоого киришкен. Анын айтымында Чоңтерек капчыгайы кыргыздардын кайсыл тарабына караштуу экендиги али да беймаалым бойдон калган. Анын 10-августтагы маалыматына ылайык Чоңтерек капчыгайында жайкысын кытайлык кыргыздар орун алышып, кыш айларында болсо бу жерге кээде Үзөнгү кууш аркылуу орустар менен алатоолук кыргыздар келип турушкан.

1916-жылдын бу күнү Карабалта, Байкөчө, Талдыбулак, Бакин, Өтөгөн, Жамансарт, Түлөберди болуштуктарында тартипсиздик башталгандыгы туурасында кабар тараган. Пишпек уезддик начальнигинин көрсөтмөсүнө караганда Белогорка кыштагынын участкалык приставы, көзөмөлчүсү жана катчылары өлтүрүлгөн.

1916-жылдын 10-августунда Сокулук суусунун жогорку агымында орун алган Белогорка кыштагына волость башчысы, волосттук катчы сакчы аскерлер менен келишип, айылдыктарга согушка минилчі жылкы алына тургандыгын билдиришкен. Мындай кабар болуштук калкына чагылгандай тарап, Токто жана Чыны айылдарынын адамдары бийликке каршы козголушкан.

Жетисуу областтык аскер-губернаторунун Куропаткинге жолдогон телеграммасында, Пишпек уезддик начальниги менен Токмок участкалык приставдары биргелешип көтөрүлүшчүлөргө каршы чечкиндүү аракет көрүп башташкан. 1916-жылдын 10-августтунда алар 30 аскер менен 100 чамалуу козголоңчуларды кырышып, көптөгөн адамдарды камакка алышкан.

Бу күнү, 1539-жылы Францияда француз тили латынчанын ордуна мамлекеттик тил статусун алып, 1794-жылы немец агартуучусу, иудаизм коомунун негиз салуучусу Леопольд Цунц, 1839-жылы фотоэффект законун ачкан орус физиги Александр Столетов, 1845-жылы казак акыны Абай Кунанбаев, 1916-жылы акын Камчы Жунусов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG