Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитинин алкагында үчүнчү өнөр фестивалы уюштурулат. Маданият министри Султан Раевдин “Азаттыкка” маалымдашынча ага негизинен өлкөнүн жаш өнөрпоздору катышат. Кыргызстандагы жаштардын ыр-бий топтору менен бирге Санкт-Петербургдагы Мариинск опера театрынын солисти, кыргызстандык Жамийла Райымбекова, Орусиядагы он мыкты жаш пианисттин катарына кирген Азамат Сыдыков жана скрипач Эрнест Асаналиев чакырылган. (EBM)