«Жашылдар» саясий партиясынын төрага орун басары Анара Султангазиеванын маалыматына караганда, элчилик аркылуу казак президентине кайрылуу жолдонушуна «Алаш» бирикмесинин жана «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин камакка алынышы түрткү болду. Ушул эле күнү Бөлөкбаевдин адвокаты райондук сот чечимин жокко чыгаруу сунушу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Свердлов райондук соту эки күн мурун Эркин Бөлөкбаевди бейбаштык кылды деген негиз менен 10 күнгө эркинен ажыраткан. Саясатчы «Ысыккөл Инвестбанкын» жаңы жетекчилик күч менен алуу учурун видеотасмага түшүрүп жаткан жеринен камакка алынган. (BuS)