Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

19:20 Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 12 документке кол коюлду


Эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн соңунда Кыргызстан менен КЭРдин ортосунда мамлекеттер жана өкмөттөр аралык бир катар келишимдерге кол коюлду. Алардын арасында кошуналык жана достук мамилелерди тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация, маңзаттарын жайылтууга каршы күрөшүү, техникалык-экономикалык жана токой чарбасы боюнча кызматташуу, Кыргызстанда Конфуций институтун ачуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана Кызылкыя цемент заводунун курулушу үчүн жеңилдетилген кредит бөлүү боюнча келишимдер жана башка макулдашуулар бар. Президент Курманбек Бакиев Кытай төрагасы Ху Цзиньтао менен болгон жолугушуунун соңунда сүйлөшүү өз ара толук түшүнүүчүлүк, ачык жана ишенимдүү маанайда өткөнүнө токтолду. Кыргыз президенти ошондой эле тараптар кошуналык алаканы чыңдоо жана кеңейтүү боюнча эки өлкөнүн багыты өзгөрүүсүз экенин дагы бир жолу тастыктаганын белгиледи.(SM)

XS
SM
MD
LG