МОСКВА. Орусиянын бийликтери Москва-Санкт-Петербург каттамы боюнча бараткан поезд колго жасалган бомбанын жарылуусунан жолдон чыгып кеткенин божомолдоп, бул ишке байланыштуу иликтөө баштады. Кечээ Новгород облусунун Малая Вишера деген кыштагынын жанында болгон кырсыкта поездин он эки вагону тең жолдон чыгып кетип, алтымыш жүргүнчү жарадар болгон. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Николай Патрушев окуяны Түндүк Кавказдагы окуялар менен байланыштырды.