Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

МИГРАНТТАРДЫ КИМДЕР ӨЛТҮРГӨНҮ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Орусиянын тартип коргоо органдары өткөн жекшембиде интернетке чыккан видеотасманы изилдеп жатышат. Өтө улутчул маанайдагы тасмада Кавказ жана Борбор Азия жумурияттарынан келген эки жигиттин мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткандыгы көрсөтүлгөн эле. Орусиянын ички иштер министрлигинин кызматкерлери бул тасма жасалма болуп чыккан күнү да, аны тарткандар бир нече статья боюнча кылмыш жообуна тартыла тургандыктарын айтып жатышат.

Видеотасмада чөгөлөп отурган эки жигитти кимдир бирөөлөр өлтүрүп жатканы көрөстүлгөн. Беттерине чүмбөт тартынган адамдар туткундалгандардын бирөөнү мууздап, анан башын кесип, экинчисин атып өлтүргөнү чагылдырылган. Өлүм алдында турган жигиттер болсо "Бизди орустун национал-социалисттери камакка алышты!" - деп кыйкырып жатышты. Дагестандык жана тажикстандык жигиттерди тындым кылган соң маска кийген эки киши нацисттик ураандарды кыйкырып, фашисттерче колдорун көтөрүп, ишарат кылышты. Эки мүнөттөн ашык созулган тасманы "Улуттук социализм - ак күч" деп аталган уюмдун интернет сайты чыгарган. Жекшемби күнү жарыяланган бул тасма эртеси күнү эле сайттан алынып салынды. Азыр Орусиянын ички иштер министрлиги тасманын чын-төгүнүн аныктоо менен алек болуп жатат.

Орусиянын интернет сайттарында улуттук кастык менен жек көрүүчүлүктү шыкактаган тасма биринчи жолу чыгып отурган жери жок. Кедей өлкөлөрдөн келген мигранттар ур-токмокко алынып жатканын көрсөткөн видеоматериалдар мурда дагы жарык көргөн. "Бул тасма алардан мыкаачылыгы жана чындыкка өтө окшоштугу менен айырмаланып турат", дейт орусиялык серепчи Владимир Прибыловский.

Орусиянын ички иштер министрлиги бул фильмдин артында кимдер жана кандай окуялар турганын аныктап, кылмышкерлерди жоопко тартуу максаты менен кылмыш ишин козгоду. Бирок Качкындар менен мигранттар комитетинин жарандык бирикмесинин башчысы Светлана Ганнушкина иш жүзүнө келгенде Орусиянын жетекчилиги улутчулдарды жоопко тартууга анчейин көңүлдүү эмес экенин белгилейт.

- Ушуга окшогон окуялар жөнүндө адамдар бизге күнүгө арызданып айтып келишет, мындай укук бузуулар массалык көлөмдө жасала баштады. Бирок бул иштерди иликтетип, күнөөкөрлөрдү жоопко тарттыруу үчүн бизге тартип органдары менен кер-мур айтышууга туура келет. Алардын мындай окуяларга кийлигишкилери келбей жатканы айкын болууда.

Акыркы жылдардын ичинде Орусия улуттук жана өң-түстүк жек көрүүчүлүктөн жасалган кылмыштардын чордону болуп калды. Орусияда иштеп жаткан "Сова" байкоочу тобунун айтымында, быйыл эле өң-түстүк жек көрүү себеби менен 37 киши өлтүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул эле убактысы менен салыштырганда 22 пайызга көптүк кылат.

XS
SM
MD
LG