- Шанхай кызматташтык уюму салыштырмалуу жаш уюм. Түзүлгөнүнө алты эле жыл болду. Анткен менен уюмдун бул жолку жыйынына дүйнөдө аябай чоң кызыгуу байкалып жатат. Чын эле Батыш ушул Шанхай уюмунан чочулап жатат деп ойлойсузбу?
- Өзүңүз туура белгилеп кеттиңиз, Шанхай уюму расмий түрдө уюшулуп, ага адегенде беш мамлекет катышкан. Эми жылдан жылга улам жаңы мамлекеттердин кызыгып, байкоочу катары келип атышы бул уюмдун эл аралык кадыр-баркынын өсүп атканынын далили. Муну ар ким ар кандай түшүнөт. Менин жеке оюмча мындай уюмдар мурдатан эле болуп келген, ар бир регион боюнча, айталы Африкада, Араб мамлекетинде, Тынч океанда, Латамерикада өздөрүнүн уюмдары бар. Демек бизде Евразия чөлкөмүндө мындай көп калк жашаган улуу жана кичи мамлекеттердин биригип жатышынан анча кооптонбош керек. Ар бир өлкө өзүнүн кызыкчылыгын коргогонго укугу бар.
- Бирок эмне үчүн Батыш бул уюмдан чочулап жатат деп ойлойсуз?
- Анткени буга чейин Евразия чөлкөмүндө мындай дүйнөдө калктын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн, атүгүл жер жагынан үчтөн бирин түзө турган мынчалык чоң уюм болгон эмес. Албетте ушул деңгээлде батыш НАТО курамындагы өлкөлөр өздөрүнө альтернатива катары кабыл алып аткандарын түшүнсө болот. Бирок азырынча бул уюм тынчтык үчүн, коопсуздук, экономикалык жана гумантардык, маданий багытта иштеп келе жатты эле. Кийинки эки жылда бир аз ашкерелик мүнөзгө өтүп баратканы байкалууда. Батыш мындан кооптонуп атканын мен туура эле түшүнөм.
- Кечээ Кыргызстан менен Өзекстандын укук коргоочулары, атап айтканда Төлөйкан Исмаилова менен Тамара Чикунова Шанхай уюмунун саммитинин катышуучуларын Кыргызстан менен Өзбекстандын артынан аларды да өз өлкөлөрүдө өлүм жазасын такыр алып салганга мыйзам кабыл алууга чакырышты. Кыргызстан өзү демократиялык реформаларды өткөрүүгө чакыра алабы, бул боюнча өлкө өзүнүн кандайдыр бир жоопкерчилигин сезеби?
- Бул абдан туура маселе. Эгерде Кыргызстандын үглүсүн колдоп башка коңшу мамлекеттер дагы өлүм жазасын алганды чечсе, албетте батыш, айрыкча демократиялык өнүккөн өлкөлөр бизден анча кооптонбос эле.
- Бирок чын эле Кыргызстан ушул маселени көтөрүп, жок дегенде күн тартибиндеги негизги маселе катары эмес, жекече сүйлөшкөндө көтөрүп чыгат деп ойлойсузбу?
- Саясатта реализим болуш керек. Биздин жетекчилик андай чоң маселелерди койгонго баталбайт деп ойлойм. Өзүбүздүн деңгээлде аракеттер жасалганы менен башка мамелкеттерге сунуш кылганга кудурети жетпейт.
- Абдыганы мырза, сиз уккан болсоңуз керек, кечээ Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда Өзбекстан аркылуу өтчү Кытай-Кыргызстан темир жолун курууну каржылоого дээрлик сөз бериптир. Андан сырткары Түркмөнстандан Кытайга кете турган газ корун дагы Кыргызстан аркылуу өтүү боюнча Атамбаев сунуш кылыптыр. Бул маселелер Кытай тараптан колдоого алынат деп ойлойсузбу. Кытайдын өзүнүн кызыкчылыгы барбы мында?
- Темир жол боюнча Кытай башынан эле бизди колдоп келе жатат. Тилекке каршы Өзбекстан тараптан бул маселе ачык-айкын, так позиция байкалбай атат, кээде макул деп, кээде макул болбой. Мен бул иштин тарыхын жакшы билем. Ал эми Түрмөнстан аркылуу келчү газды биз аркылуу өткөрүү боюнча, менимче, бул талашып отурган, бир топго чейин бир пикирге келелбай турган маселе деп эсептейм. Анчалык реалдуу эмес деп ойлойм.
- Маегиңизге чоң ырахмат.