Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

УКРАИНА: ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ЖҮРҮШТӨР


Баян Жумакадыр кызы, Прага Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович президентти, премьер-министрди жана парламентти кол тийбестиктен ажыратууну талап кылып жатат. Байкоочулрдын пикиринде, мындай талап менен Янукович шайлоо алдында айрым оппонеттерден кутулуунун амалын караштырууда.

15-августта кабинеттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы Виктор Янукович буларды айтты:

- Баардык жеңилдиктерден, анын катарында кол тийбестиктен президентти, премьерди, өкмөт мүчөлөрүн, элдик депуттарды баарын ажарыталы. Булардын баары мыйзам алдында бирдей болуусу керек. Мен бүгүн президент менен сүйлөшүп, аны парламент мүчөлөрүн иммунитеттен ажыратуу үчүн чара көрүүсүн суранам,- деди өкмөт башчы.

30-сентябрда Украинанын кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Эсиңиздерге сала кетели, президент Ющенконун жарлыгы боюнча Жогорку Рада апрелдин башында таратылып, өлкөдө эрте парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган. Бирок шайлоону өткөрүү мөөнөтү талашка түшүп, акыры өлкөнүн саясий күчтөрү добуш берүүнү 30-сентябрда өткөрүүгө макулдашышкан.

Сурамжылоолор Януковичтин Региондор партиясы популярдуулугу боюнча алдыңкы орунда экенин көрсөтүүдө.

Депуттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушун биринчи болуп жайдын башында президент Ющенко көтөргөн. Бирок Ющенко менен Юлия Тимошенко сыяктуу саясатчылар иммунитетти парламенттен алып салуу менен чектелгиси келип жатат. Янукович болсо кол тийбестиктен мамлекет жана өкмөт башчыларын, өкмөт мүчөлөрү менен юстиция тармагынын башчыларын тегиз ажыратуу керек, ошондо мыйзам алдында баары тегиз бирдей болот, деп эсептейт.

Янукович ан үчүн сентябрь айында парламенттин атайын сессиясын өткөрүп резолюция кабыл алууну сунуш кылды. Бирок бул процедура оңой-олтоң иш эмес көрүнөт. Украинанын Юстиция министри Олександр Лаврынович 15-августта сүйлөгөн сөзүндө президент, премьер жана жана парламент мүчөлөрүнүн кол тийбестиги Конституцияда бекитилгенин, аларды андай жеңилдиктен ажыратуу үчүн резолюция кабыл алуу жетишсиз болорун, ан үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин билдирди.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү бир нече айга созулчу процедура, деп эскертти юстиция министри Олександр Лаврынович.

XS
SM
MD
LG