“Мутакалим” мусулман аялдар коомунун башчысы Жамал Фронтбек кызынын маалымдашынча, аталган кеңештин курамына Ички иштер, Тышкы иштер жана Транспорт министрликтеринин, маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигинин өкүлдөрү кирген:
- Булар “Кандай кылсак болот, кандай кылганда мусулман аялдардын укугу тебеленбейт жана эл аралык талаптарга жооп берет” деп эки айдан ашыгыраак иштешти. 7-августта Юстиция министрлигинин 140-буйругунда мусулман аялдары жоолукчан сүрөткө түшсө болот деп кол коюлду.
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин юристи Жылдыз Акматбекованын “Азаттыкка” маалымдашынча учурда Адилет министрлигинде документке сүрөткө жоолукчан түшүү эрежелери такталууда. Белгилүү болгондой сүрөткө өңү агыш жана жалтырак жоолук менен түшпөө керек деген талаптар бар.
Адилет министри Марат Кайыповдун айтымында, баш кийимчен сүрөткө тушүүгө уруксат берүү иш-аракеттери өлкөнүн баш мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө:
- Кыргыз Республикасынын атуулдары мусулман динин тутам деп умтулса же тутуп жүрсө, анан жоолукчан жүрсө, жоолук сөзсүз салынуу жөнүндө куранда жазылса, бирок сүрөткө жоолукчан түшүүгө уруксат берилбесе анда мамлекет кайдан дин эркиндигине кепилдик берет? Ошол үчүн биз ушуга негиздеп быйыл жазда бул жобону конституцияга шайкеш келтирип жоолукчан сүрөткө түшкөнгө уруксат бериш керек деп айтканбыз.
Паспортко баш кийимчен сүрөткө түшүү маселесин “Мутакалим” мусулман аялдар коому төрт жылдан бери көтөрүп келаткан жана эки жылдын аралыгында алар кырк беш миңдей кол чогулткан. Аталган коомдун өкүлдөрүнүн айтымында өлкөнүн мурунку жетечилиги экстремисттик террористтик абалды курчутушу мүмкүн деген себептерден улам жоолукчан сүрөткө түшүүгө уруксат бербей келген.
Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек