Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

ИРАНДА ЧОҢ МОЛДОЛОР ТӨӨ БАСТЫГА АЛЫНУУДА


Иранда байистүү консерватор же реформачы атанган аятоллаларды радикалдар жаалданып сынга ала баштады. Айрымдарына сот иши козголгону жатат. Кай бир байкоочулар муну эмдиги жылдын мартында болчу парламенттик шайлоонун эрте келген эпкини дешсе, башкалары өз оппоненттерин саясий чөйрөдөн биротоло сүрүп чыгарууну көздөгөн оңчулдардын батыл аракети катары баалашат.

Бийликтеги президент Махмуд Ахмединежаддын саясий жааткерлери жаалданып сынга ала баштаган ишмерлер арасында акылгөйлөр кеңешинин төрагасы, экс-президент Акбар Хашеми-Рафсанжани, сот бийлигин тескеген аятолла Махмуд Хашеми-Шахруди бар.

Реформачыл маанайдагы “Этемед” гезити ырастагандай, Рафсанжани өзүнүн саясий мажарасында – мемуарында өкмөт чиновниктери учурунда аятолла Али Хомейни менен макулдашып, “Америкага өлүм!” деген ураанды 1984-жылы күн тартибинен алып салууну пландашканын эскерген экен. Радикалдар муну ислам революциясынын негиздөөчүсүнө айтылган акаарат катары баалап, Хомейнинин осуяттарын бурмалоо деп аташты жана Рафсанжаниден одоно катасын оңдоону талап кылышты. Алардын айтымында, Хомейни “Америкага өлүм!” деген ураанды эгерим өзгөрткүсү келген эмес.

Ал эми аятолла Хашеми-Шахруди болсо жакында өнөр жай жана мунай министрлерин кызматтан алган өкмөт чечимин сынга алып, коомдук чиновниктерди кол жоолуктай алмаштыра бергендин ордуна аларды жакшылап пайдалануу керектигин айткан эле. Буга байланыштуу Ахмединежаддын карышкан кашкөй тарапкерлери аны өкмөттүн иштерине кийлигишип жатканы үчүн айыпташты. Эмнеге Шахруди мурдагы президент Мохаммед Хатаминин кабинети өз министрлерин алмаштырганда унчукпай, азыркы бийликтин кадамдарынан гана өөн издейт? –деп өпкөлөп чыгышты.

Радикалдар Хатамиге да ачуу тилин агыта баштады. Атап айтканда, чет жактарга барганда мусулман салтын сактабай, аялдардын колун кармап учурушканы үчүн ага сот ишин козгоону сунуш кылышты. Оппоненттерине жооп кайтарып, Хатами чет элдик сапарларында исламды жактап, аны туура ташбыйкат кылууга аракет жасап жүргөнүн баса белгиледи. Бийликти ашкере жакшы көргөндөргө багыштап, Хатами бийлик аны анчейин кызыктырбай турганын,ага караганда исламдын, Ирандын душмандарын эмес, анын ыкыласмандары менен достору көп болушун артык көрөрүн айтты.

Реформачыл жана байистүү маанайдагы саясий ишмерлерге катуу катыла баштаган радикалдарды колдоп, куралдуу күчтөрдүн бириккен штаб жетекчиси “айрым бир ишмерлер азыркы өкмөткө каршы көмүскө кыймыл түзүп жатканын” сынга алды. Аскери төбөлдүн айтымында, мындай адамдар президент Ахмединажад менен кызматташкысы келбейт, тескерисинче, душмандардын көөлүсүнө суу куйган кадамдарды жасап жатышат. “Ар бир киши билип койсун, - деп эскертти ал, - азыркы өкмөттү улуттун лидери жана иран калкы катуу кастарлайт”.

XS
SM
MD
LG