Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Грузияда анын аба мейкиндигин бузган учакты атышкан


Грузиянын ички иштер министри билдиргендей, ушул жуманын шаршемби күнү Грузияда анын аба мейкиндигин бузган учакты атышкан. Ал учакты Грузия Орусиядан келген деп ишенет. Бирок ал учактын атып түшүрүлгөнүн министр толугу менен тастыктай албай турганын айтты. Орусиянын аскерий жетекчилиги болсо бул айыптоолорду ошол замат четке какты. Тбилиси билдиргендей, соңку бир эле айда 3 жолу орусиялык учактар Грузиянын аба-мейкиндигин бузушту. Алардын бирөөсү ракета да таштаган деп айыптайт. Бирок Орусияны мунун бирөөн да мойнуна алган жок.

XS
SM
MD
LG