Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Ирактын Кербала шаарындагы кагылышууларда 50дон ашуун адам мерт болду


Согушкерлер менен полиция ортосундагы атышууларда мындан сырткары дагы 200дөн ашуун киши жаракат алганы кабарланууда. Бул шаарга жүз миңдеген шиит зыяратчылары диний жөрөлгөгө чогулган эле. Натыйжада зыяратчылар шаардан чыгарылып, коменданттык саат киргизилди. Бул окуядан улам Кербалага шашылыш түрдө кошумча күчтөр жиберилди.

XS
SM
MD
LG