Аны сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров баштаган эксперттик топ өткөрөт деп күтүлүүдө. Канадалык “Камеко” жана “Центерра голд инк” корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр алтыны боюнча үч айлампада сүйлөшүп, жаңы келишим түзүшкөн. 31-августта кол коюлган келишимдерге ылайык, Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” 15.6% үлүшү 30.6 пайызга жеткирилген. (ZMa)